Нурумбетова Касиет 1940-жылы 7-майда Сузак районуна караштуу Көк-Арт айылында туулган.

  • Эмгек жолу жана бүт өмүрү Октябрь кыштагында, “Дружба” совхозунда өткөн.
  • Ар кандай жумуштарды аркалап, совхоздо саанчы, тамекичи, жылкычы анан кайрадан сүт фермада саанчы болуп иштеген.
  • Кайсыл жерде болбосун өзүнүн ишке болгон өжөрлүгү, бекем кайраты жана жоопкерчилиги менен чоң ийгиликтерге жетишип алдыңкы катарларда жүргөн.
  • Жылкычы кезинде 3 жыл катар областта социалисттик мелдештин жеңүүчүсү болуп, жетекчилик тарабынын “Урал” маркасындагы мотоцикл менен сыйланган.
  • Саанда иштеп жүргөн кезинде совхоздун, райондун жана областын ардак тактасында, алдыңкылардан болуп жаштарга үлгү катары сүрөтү бир топ жыл илинип турган.
  • Областа 3 жыл катар социалистик мелдештин жеңүүчүсү болуп, партия койгон планды ашыгы менен аткаргандыгы үчүн, “Москвич-Комби” үлгүсүндөгү автоунаа менен сыйланган.
  • 1991-жылы савхоздун “Ардактуу Айымы” болуп эс алууга чыгат.
  • 4 уул, 3 кыздын энеси.
  • 2004-жылы узака созулган оорудан 64 жашында каза болгон.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • Ааламга кеткен жол айылдан башталат: Багыш айыл аймагы. – Бишкек, 2015. ISBN 978-9967-04-673-3