Нурумбетов Жусутай 1930-жылы Өзгөн районунун Ара-Көл айылында туулган.

Атасы Нурумбет өрөөндөгү өтө бай адам болуп, кулакка тартылып, ар жерде сүргүндө болуп келип, 1940-жылдары 46 жашында Көк- Кыя айылында дүйнөдөн кайткан.Ошого байланыштуу эрте жетим калып, 12-13 жышынан эмгеке аралашып, алгачкы жылдары Көк-Кыя айылындагы «Кызыл- Октябрь» колхозунда эмгектене баштаган.Кийинки жылдары Октябрь кыштагындагы «Красный-Октябрь» колхозунда дыйкан болуп эмгектенген.Согуш учуруидагы, андан кийинки оор жылдары жаш болсо да тынымсыз эмгектенип, абалдын калыптануусуна өз салымын кошкон.1963-жылы «Дружба» совхозу уюшулганда, мал чарбасына которулуп, өмүрүнүн аягына чейин малчы болуп эмгектенген.Өмүрү ичкилик оозуна албаган, Компартиянын идиологиясы менен атеизм өтө кучөп турган учурда да, намазынан жазбаган жоош, момун такыба адам болгон.Эл арасында «калпа» «сопу» атка конгон.2000-жылы катуу оорудан кийин дүйнөдөн кайткан.Кызы Султанбаева Канымбү Кыргыз ССР Жогорку Советине депутат болуп шайланган.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • Ааламга кеткен жол айылдан башталат: Багыш айыл аймагы. – Бишкек, 2015. ISBN 978-9967-04-673-3