"Нур-Баткен" Элдик Футбол Клубу- Баткен облусунун атынан ойногон элдик футболдук клуб.[1] Клуб 2018-жылы түптөлүп, 2019-жылдан тарта Кыргыз Республикасынын Улуттук лигасында ойной баштаган. Улуттук лиганын дебюттук жылында, 2019-жылы мыкты оюн көргөзүп, 10 команда арасынан 4-орунга ээ болгон.
2021-жылы Улуттук лиганын "Б" зонасында жеңүүчү аталып, финалдык беттеште ойногон. Ал эми 2022-жылдан тарта Кыргыз Премьер Лигасынын дебютанты.
Кыргыз Футбол Союзу тарабынан уюштурулган KFU AWARDS 2021де Баткен областынын футбол ассоциациясы мыкты уюм номинациясында жеңишке ээ болду.
- 2018-жылы түптөлгөн, расмий түрдө Юстиция министрлигинен катталуусу 23 апрель 2019-жыл.[2]
- 2019-жылы Улуттук Лиганын "Б" тайпасында 10 команда арасында 4-орун.
- 2019-жылы "Фергана Акими Кубогу" эл аралык турнирде 2-орун.
- 2021-жыл Улуттук Лиганын "Б" тайпасынын жеңүүчүсү (1-орун), финалдук беттештин катышуучусу.
"Нур-Баткен" ЭФК сыйлыктары
түзөтүү
- KFU AWARDS 2021де Баткен облусунун футбол ассоциациясы мыкты уюм номинациясында жеңишке ээ болду.
- 2019-жыл "Фергана Акими Кубогунун" күмүш байге ээси.
2022-жылкы футболдук сезонго курамы
түзөтүү