"Нур Отан" элдик-демократиалык партиясы (казакча: Нұр Отан - ата-журттун нуру) - Казакстандагы эң ири президенттик партиясы.

1999-жылы Н.А. Назарбаевдин ынтылоосу менен "Отан" атту партия катары уюштурулган.

Партия жетекчиси - Казакстан Республикасынын Президенти Нурсултан Назарбаев.

2009-жылдын Кулжа айынын 22 учурдакы парламент жалгыз гана ушул партия менен өкүлдөнгөн.

Аталышы түзөтүү

"Нур Отан", казак тилинен "ата-журттун нуру" деп которулат, бирок басмада (пресса) кээде "Жаңы Отан" деп аталанат. Партиянын жаш канаты "Жаш Отан" деп аталат.

2006-жылдын Бештин айынын 22 "Отан" партиянын 10-кезексиз чакырышында "Отан" РСПны "Нур Отан" элдик-демократиялык партия деген атка өзгөртүүгө чечим алынган. Ошол эле арада "Отан" РСПнин уставына өзгөртүү жана толуктоо проекти кабыл алынган.

Тарыхы түзөтүү

1999-жылдын Жалган куран айынын 1 "Отан" Республикалык саясий партиясынын биринчи чакырылышы ачылган. Ал жакта баардык дубандардан, шаардардан жана аймактардан божомолчо 400 өкүл катышкан. Алардын катарында 17 улуттун, ишкерлерден 104, бюджеттик сферадагы кызматткерледен 67, өкмөттүк кызматткерлерден 122 өкүл болушкан. Өкүлдөрдөрдүн баары макул болуп Казакстан Республикасынын Президенти Нурсултан Назарбаевди "Отан" РСПнин жетекчиси катары шайлашкан.

Биринчи чакырылштан тарта "Отан" партиясы саясий процесстеги саясий партиялардын жана бирикмелердин ролун жогорлатуу багытын жарыялап жатат. Бул багыттагы эң маанилүү жетишкендиги бул өлкөдөгү өткөрүлүп жаткан реформаларды колдогон бир канча партияларга тең укукта биригүүсүн сунуштоо.

"Отан" партиясы - ири саясий күч, жарыялангандай ал сойциал-демократиялык багытталган жана куруучу партия.