Нусупов Эркин (1940-ж. т, Кара-Буура району, Чымкент айылы) — инженер, техника илимдеринин доктору (1992), профессор (1991), Жогорку мектептердин эл аралык илимдер академиясынын академиги (1994).
1962-ж. К. И. Скрябин атындагы Кыргыз мамлекеттик айыл чарба институтунун механизация факультетин бүтүргөн. Институтту бүткөндөн кийин Талас районундагы «Жерге-Тал» асыл тукум мал асыроо заводунда иштеген.
1964-жылдан Фрунзе политехника институтунда (азыр Бишкек техникалык университети) ассистент, улук окутуучу, доцент.
1970—83-ж. автомобиль жана автомобиль кыймылдаткычтары кафедрасынын башчысы. 1983-жылдан улук илимий кызматкер.
1989—91-ж. докторантурада, 1991-жылдан профессор (1992-жылдан автомобиль транспорту кафедрасында). Анын эмгектери тоолуу региондордо автомобиль транспортторун иштетүүнүн эффективдүүлүгүн жогорулатуу проблемаларына арналган. 70тен ашык илимий эмгектери (анын ичинде 2 монография) бар. Кыргыз Республикасынын элге билим берүүсүнүн отличниги (1993).

Нусупов Эркин

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • Талас облусу энциклопедия. Бишкек-1995-ж.