Букардинов Нуфтидин Зергер. 1959-ж. Кочкор районундагы Арзы айылында төрөлгөн.

Бишкектеги № 19 элдик көркөм кол өнөрчүлүк кесипчилик-техникалых окуу жайын бүтүрүп, анын зергер бөлүмүндө башкы чебер болуп иштеген. КМУнун Караколдогу филиалын бүтүргөн. Атасынан ат жабдыктарын кармоо нускасын, Чүй районундагы Маданият айылында жашаган таежездеси Хунушаалыдаи зергерчиликти, мугалими Мырзабаев Шамандын үлгүлөрүн алган. Нуфтидин ат жабдыктарын аруу колдон чыгарат. Буюмдагы бөтөнчөлүк - андагы зергерчилик. Зергерчилик-күмүштү, жезди, мисти ич ара айкалыштыра кармай билгени. Нуфтидин ээрге, жүгөнгө, көмөлдүрүккө, басмайылга, куюшканга, үзөңгүгө жезди жогорку чеберчиликте чабат. Алсак, үзөңгүнү кызыл жезден куюп, ага илгерки кыз үзөңгүсүнүн түспөлүндө кооздук берет. Ал ээрдин кашына, чарасынын жээгине, алдыңкы-үстүңкү актасына жезди кылдай ичке кылып чоюп, аны эшип чаап, төгөрөгүн жээктейт. Чебердин ээр токумундагы «купа», «сүзмө», «того», «сагалдырык», «кошунду», «чагалдырык», «солондор» сыяктуу куйма шөкөттөрүнүн нускасы кайышка майда жаяа сыйда, так жана таза, чыныгы чыгармачылыкта чабылат. Кыз-келиндердин аруу буюмдары: сөйкө, желбирөөч, шакек, билерик, оймок, топчу, төөнөгүч, бой тумар, эр кемер өңдүүлөрдү зергерчиликтин жана жекече чыгармачылыктын күчүнө салып, бир тутумда айкалыштыра жүзөгө ашырат. Буюмдун жердигин дүкөңдөн алат. Күмүштү чач учтуктардан эритет. Өзү жасап алган аспап-куралдары бар. Көркөм куйма калыптарынын ондон ашык түрлөрүн алмаксалмак пайдаланат. Көрүк катары компрессорлорду (жел үйлөткүчтү) колдонот. Буюмдун бетине көркөм оюм түшүрө турган чийим шибегени да өзү жасаган. Нуфтидин ээрди курама кылып чабат. Мында негизинен кыргыз ээрикин эң эски, өтө сыйда, нукура үлгүлөрүнөн болуп саналган «анжиян ээринин» түспөлүн сактайт. Аны өзү жасап алган керкинин түрлөрү аркылуу кебине келтирет. Эни тегерек миздүү аспаптары менен ээр чабат. Ал эр ээри он эки бөлүктөн турат да, тарамыш ордуна капрон жиптин артына желим (эпоксид чайырын) ичирип, анан булгаары каптайт. Ээр жеңил да, бекем да, бышык да келет. Катышкан көргөзмөлөрү, кароо-сынактары жана алган сыйлыктары 1984-ж. Кыргыз ССРинин жана Кыргызстан Компартиясынын 60 жылдыгына карата «Элдик чеберлердин көркөм буюмдарынын республикалык кароо-сынагы». Кыргызстан КП БКнын жана Кыргыз ССР Министрлер Советинин Биринчи даражадагы диплому.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

Акматалиев A. Кыргыздын уз-усталары: Антология/Башкы ред. А. Карыпкулов; сүрөтчүлөрү Д. Чочунбаева, Г. В. Половникова. — Б.: КЭнин Башкы редакциясы, 1997, — 240 б. ISBN 5-89750-080-0