Нью-Йорк университети (англ. New York University; NYU) - Нью-Йорк шаарында жайгашкан жеке илимий-изилдөө университети болуп саналат. 1831-жылы негизделген, NYU дүйнөдөгү кадыр-барктуу изилдөө окуу жайларынын бири болуп эсептелинет. Times Higher Education, U.S. News & World Report, and the Academic Ranking of World Universities боюнча Нью-Йорк университети 32 мыкты окуу жайлардын бирине кирет. NYU Greenwich Village кварталына жакын, эң чыгармачыл жана тынымсыз Манхеттенде жайгашкан. Ал эми университеттин башка кампустары Нью-Йорк шаарынын ар кайсы райондорунда жайгашкан. Ал дүйнөлүк университет болуп саналат, анткени NYU Абу-Даби жана NYU Шанхай да ачылып, ал эми окуу борборлору Аккра, Берлин, Буэнос-Айрес, Флоренцияда, Лондондо, Мадридде, Парижде, Прагада, Сиднейде, Тель-Авивде жана Вашингтондо бар.

Нью-Йорк университети (1900).

Анын мугалимдер жана бүтүрүүчүлөр арасында 37 Нобел сыйлыгынын лауреаттары, 30 Pulitzer Prize сыйлыгына татыгандар, 30дан ашык Оскар сыйлыгына ээ болгондор жана жүздөгөн National Academies of Sciences мүчөлөрү саналат. Бүтүрүүчүлөр арасында мамлекет башчылар, король бийликтер, атактуу математиктер, ойлоп табуучулар, медиа ишмерлер, олимпиада чемпиондор, Fortune 500 тизмегиндеги жетекчилер жана австронавттар бар.20] NYU бүтүрүүчүлөр дүйнөдөгү бай адамдардын катарына кирет. Princeton Review боюнча, NYU окуучулар жана ата-энелер "Top Dream College" деп аташат.

Тарыхы түзөтүү

Кампустары түзөтүү

Жетекчилиги түзөтүү

Шилтемелер түзөтүү