Нөөмөт (аскердик) – 1) аскер кызматчысы тарабынан аткарылууга тийиш болгон кандайдыр бир тапшырма, жумуш; ички кызмат, күзөт жана гарнизон кызматтарын аткаруучу, ошондой эле ар кандай чарбалык жана башка иштерди бүтүрүүчү аскер бөлүктөрүндөгү, кемедеги жана гарнизондогу бөлүкчө, аскер кызматчыларынын тобу. Нөөмөт бир суткага, чарба жана башка иштери үчүн командир белгилеген мөөнөткө дайындалат; 2) кандайдыр бир жумушту иштөө тууралуу оозеки же жазуу жүзүндө берилген буйрук.

Колдонулган адабияттар түзөтүү