Обелиск
Обелиск - жогорулаган сайын ичкерип отурган пирамида сымал кырдуу таш мамы.
Байыркы Егппетте кеңири жайылып, көбүнчө ак сарай храм алдында эстелик катары тургузулган. Египеттен Европага алынып келген монолиттүү Обелисктер шаарды көрккө чыгаруу үчүн колдонулган. Обелисктин эстелик жанa монумент түрү Россияга 18-кылымда таралган. Фрунзе шаарында Совет бийлиги үчүн курман болгондордун урматына Эмен багында Обелиск орнотулган (арх. И. А. Люблинский, 1960).
Колдонулган адабияттар
түзөтүүКыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Бишкек: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1979. Том 4. Лактация - Пиррол. -656 б.