Обнорский, Виктор Павлович

Обнорский, Виктор Павлович [((23). 11. 1851, Грязовец, азыркы Во­логда обл.— 17. 4. 1919, Томск) — орус жумушчу революционери.

  • Мещандын үй-бүлөсүнөн. 186973-ж. Петербургдагы заводдордо слесарь.
  • Жумушчу ийримдерге активдүү катышкан.
  • 1873-ж. Москва, Одесса жумушчуларынын, 1875-ж. Архангель губ-нын дыйкандарынын арасында жашырын үгүт жүргүзгөн.
  • Үч жолу чет мамлекетте болуп, батыш европ. жумушчу кыймылы, I Интернационалдын иши менен таанышкан. Петербургда 1878-ж. С. Н. Халтурин менен бирге «Орус жумушчуларынын түндүк союзун» негиздеген жанa анын программасынын авторлорунун бири.
  • 1879-ж. камалып, 10 жылга сүфгүнгө айдалган. Кийин Кузнецк (азыркы Новокузнецк) шаарында полиция көзөмөлүндө жашаган.
  • 1917-жылдагы Февр. революциясынан кийин коомдук угомдардын шааркомуна шайланган.
  • Обнорский Окт. рев-ясынын жеңишин куттуктаган.


Колдонулган адабияттар түзөтүү

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Бишкек: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1979. Том 4. Лактация - Пиррол. -656 б.