Обон
Обон – бир үн менен туюнтулган музыкалык ой, музыканын негизги элементи. Обон ладдык-интонациялык, ыргактык уюмдашкан жана белгилүү бир структураны түзүүчү добуштардын катары болуп саналат. Обондун өзгөчө компоненти – обондук багыт. Европанын (анын ичинде орустун, кыргыздын) азыркы обону негизинен мажордук-минордук системага негизделген.
Колдонулган адабияттар
түзөтүү- “Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы: 5-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2014. илл. ISBN 978 9967-14-111 -7