Обочолонуу, изоляция (французча: Isolation – обочолонуу) — түр ичиндеги топтордун же жаңы түрдүн пайда болуусуна алып келүүчү кубулуш. Обочолонууда бир түрдүн ичиндеги жандыктардын (особдордун) өз ара эркин аргындашуусунун татаалданышына же аргындашуунун токтошуна алып келет. Табиятта географиялык жана репродукциялык эки формасы кездешет. Географиялык обочолонуу - бир түрдүн ичиндеги популяциялардын ортосундагы өз ара мамилелерин жокко чыгаруучу географиялык тоскоолдуктар. Географиялык обочолонуу түрдүн ареалынын чегинде физико-географиялык шарттардын өзгөрүүсү же түрдүн ичиндеги жандыктардын белгилүү тайпаларынын түрдүн ареалынын чегинен сырткары таралуусунун натыйжасында пайда болот. Географиялык обочолонуу түр пайда кылуудагы негизги факторлордун бири болуп, обочолонуу популяциялардын ортосундагы өз ара аргындашуусуна жана тукум куугучтук информациялардын алмашуусуна тоскоолдук кылат. Репродукциялык же биологиялык обочолонуу табигый шартта бирге жашаган организмдердин өз ара аргындашуу мүмкүнчүлүгүнүн жоктугу. Репродукциялык обочолонуунун бир канча формалары бар: этологиялык (жаныбарлардын жүрүм-турумундагы айырмачылык), экологиялык (тиричилик чөйрөсүндөгү айырмачылык) мезгилдик (көбөйүү мөөнөтүнүн айырмачылыгы), морфологиялык (организмдердин же алардын айрым органдарынын өлчөмүнүн, пропорциясынын жана структурасынын айырмачылыгы), генетикалык (жыныс клеткаларындагы дал келбөөчүлүккө алып келүүчү тукум куума аппараттарындагы айырмачылык). Бардык обочолонуу бири бирине көз карандасыз же ар кандай комбинацияда бири бирине айкалышып пайда болушу мүмкүн. Репродуктивдик бочолонуу популяциялардын ортосундагы генефондго көзкарандысыз пайда болуусун шарттап, андан соң өз алдынча жаңы түрдүн пайда болуусуна алып келет. Репродуктивдик обочолонуунун пайда болушу айрыча узакка созулган географиялык обочолонуунун негизинде жүрөт.