Обухова, Надежда Андреевна
Обухова, Надежда Андреевна (22. 2(6. 3). 1886, Москва-15. 8. 1961, Феодосия) — сов. ырчы (меццо-сопрано), СССР эл арт. (1937).
- 1912-ж. Москва консерваториясын У. А. Мазеттинин ырдоо классы боюнча бүтүргөн. Чыгармачылык ишин концерттик ырчы катары баштаган. 1916—43-ж. Чоң театрда солист.
- Көрүнүктүү партиялары: Любаша (Н. А. Римский-Корсаков, «Падыша колуктусу»), Марфа (М. П. Мусоргский, «Хованщина»), Кармен (Ж. Бизе, «Кармен»), Кончаковна (А. П. Бородин, «Князь Игорь»), Амнерис (Ж. Верди, «Аида») ж. б. ошондой эле орус, француз, италян, испан ырлары менен романстарын аткарган.
- Обухова — орус вокалдык мектебинин көрүнүктүү өкүлү. СССР мамл. сыйл. (1943) лауреаты. Ленин ордени, башка 2 орден жанa медалдар менен сыйланган.
Колдонулган адабияттар
түзөтүүКыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Бишкек: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1979. Том 4. Лактация - Пиррол. -656 б.