Община теориясы, марка тео­риясы — бурж. историографияда 19- кылымдын 2-жарымында калыптанган көз караштар системасы.

  • Анын тарапкерлери бардык (же айрым) элдерде тарыхый өнүгүүнүн белгилүү бир стадиясында жамааттык мамилелер болгонун далилдешкен. Герман жамааттарын — маркалардын материалдарынын негизинде немец тарыхчысы Г. Л. Маурер иштеп чыккан (марка теориясы).
  • Община теориясына ылайык жерди жеке менчиктоодон мурда жер коллективдүү менчик болуп, чогуу иштетилген. Община теориясы жеке менчик жана коомдун тапка бөлүнүү көрүнүш нүн түбөлүктүү экенп жөнүндөгү реакциячыл теорияны четке каккан.
  • Ал негизинен мына ушунусу менен баалуу. Ф. Энгельс Община теориясынын оң жактарын белгилеп келип, анын өкүлдөрүн жамааттын өнүгүшүндө тап күрөшүнүн ролун жеткире баалабаганы ж. б. кемчилдиктери үчүн сындаган.


Колдонулган адабияттар түзөтүү

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Бишкек: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1979. Том 4. Лактация - Пиррол. -656 б.