Объект (лингвистика) - (лат. objectum – нерсе, зат, предмет). Кеңири мааниде караганда Объект реалдуу дүйнөдөгү жалпы эле көрүнүш, кубулуш, зат, нерсе, предмет. Ал эми лингвистикалык аспектиде караганда синтаксистин жана семантиканын формалдык-мазмундук негизги категорияларынын бири.

Ал бир нерсенин предметтик аталышы катары, бир жагынан, кыймыл-аракет тикеден-тике багытталган же этиштик кыймыл-аракет кыйыр багытталган жакты, затты көрсөтсө, экинчи жагынан, ошол этиштик кыймыл-аракеттин таасир этүү мүнөзүнө ылайык Объект сырткы Объект жана ички Объект болуп экиге бөлүнөт. Алсак, үйдү салуу – үйдү сатуу; таш майдалоо – таш ыргытуу мисалдарында биринчи түгөйлөрүндө кыймыл-аракет багытталган Объект ошол кыймыл-аракеттин натыйжасы, ал эми экинчи түгөйлөрүндө кыймыл-аракет Объектини өзгөрткөн жок, Объект ошол боюнча эле калды.

Объект кээде субъект менен да дал келип калат. Мында ал онтологиялык жактан да каралат.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

Кыргыз тилинин лингвистикалык маалымдамасы. Б.:2015.-256 б. ISBN 978-9967-464-70-4