Туманян Ованес Тадевосович (7. (19) 2. 1869, Армян ССРи, Туманян району, Дсех кыш. - 23. 3 1923, Москва) - армян жазуучусу, коомдук ишмер.

Чыгармалары 80-жылдардын орто ченинен жарыялана баштаган. «Маро» (1887), «Лореци Сако» (1889), «Ануш» (1892; А. Тигранян аты уйкаш опера жазган) сыяктуу поэмалары армян элинин турмушунан алынып жазылган. «Ахтамар» (1892), «Парвана» (1903), «Бир тамчы бал» (1909), «Давид Сасунский» (1902) деген поэмалары бар. «Тмук чебин алуу» поэмасынын (1905; анын сюжетинин негизинде A. А. Спендиаров «Алмаст» операсын жазган) негизин армян жана чыгыш легендалары түзөт. Ал армян коомдук турмушу, адабияты жана тил маселелери боюнча да көп макала жазган. Чыгармалары армян адабиятында элдүүлук жана реализм принциптеринин өөрчүшүнө чоң таасир тийгизген.

Колдонулган адабияттар

түзөтүү

«Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 7-том / Башкы ред. Ү. А. Асанов. К 97. Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2015. - 832 б., илл. ISBN 978-9967-14-125-4