Овердрафт (англ. overdraft ) – кардардын эсеби боюнча анда калгандан ашыкча каражаттарды жоюу менен ишке ашырылуучу кыска мөөнөттү кредиттин түрү. Натыйжада дебеттик сальдо пайда болот. Банктар тарабынан: О. эң жогорку чеги, берүү шарттары жана жоюунун тартиби белгиленүү менен ишенимдүү кардарларга берилет. О. карыздарды жоюуга кардардын учурдагы эсебине түшкөн баардык каражаттар чегерилет, ошондуктан каражаттардын келип түшкөнүнө жараша кредиттин көлөмү өзгөрүлөт, ушул жагдай О. кредиттөөнүн демейдеги таризинен айырмалап турат. Үстөк пайыздар аракеттеги же макулдашылган өлчөмдө алынат.[1]

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  1. Банкта овердрафт деген эмне: ал жерде жок акчаны кантип сарптоо [1]