Огот - сугат үчүн сууну байлап чогултуучу көлмө.

Адатта ал булакка жакын, же бир арык суунун нугунда бийигирээк жерге казылат. Сугат маалында ага суу толтуруп, айылдын эли айдоо жерлерин кезектешип сугарып алат. Огот, азыр да Түштүк Кыргызстандын тоо этектериндеги айылдарында кеңири колдонулат. Огот, о. эле, Оот, ноот деп да аталат.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

Кыргызстандын географиясы. Бишкек: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2004, s. 71-72. ISBN 9967-14-006-2