Огюст Конт (1798-1857) — позитивизмдин негиздөөчүсү, бул философиялык агым биздин бардык билимдерибиз тажрыйба аркылуу текшерүү процедурасынан өтүүгө тийиш деп эсептеген.

Огюст Конт.

Конт Монпельеде (Францияда), чиновниктин үй-бүлөсүндө туулган. Политехникалык мектепте окуйт. Бир нече жыл Сен-Симондун катчысы болуп иштеп, кийин андан кол үзүп кетет. Конттун негизги чыгармалары төмөнкүлөр: «Позитивдүү философиянын курсу» (алты томдук, 1830—42), «Позитивдүү саясаттын курсу» (1851 — 1854), «Субьективдүү синтез» (1856).

Чыгармалары түзөтүү

Өзүнүн чыгармаларында Конт табият илимдерине жана коомго таандык болгон кеңири маселелерди карап чыгат. Алар социологиялык илимдин жана позитивдик философиянын андан аркы өнүгүшү үчүн негиз кылып алынган.

Конт философияны турмуш менен бириктирүүгө жана фактылар менен кубулуштарды конкреттүү анализдөөгө чакырган. Изилдөөчүнүн милдетин — ал биз туюмдар аркылуу алгандарды сүрөттөп жазып, ыраатка салуудан көргөн. Ошону менен бирге ал кубулуштардын себебин иликтеп табуудан баш тартып, муну ал эч кандай натыйжа бербей турган метафизика деп эсептеген. «Биз алгачкы жана ошондой эле акыркы деп аталуучу себептерди издөөнү сөзсүз жол берилбес жана маанисиз иш деп эсептейбиз». Абсолюттук билимдерге жетишүү мүмкүн эмес деп ойлогон ал.

Өзүнүн чыгармаларында Конт илимдерди классификациялоого көп орун берет. Ал, илимдерди бөлүү принциби «классификациялана турган предметтердин өзүн иликтеп-үйрөнүүдөн келип чыгууга тийиш жана алардын ортосундагы табийгый байланыштар жана чыныгы тектештик менен аныкталат». Мына ошентип, ал илимди адам акыл-эсинин ар түрдүү жөндөмдүүлүктөрү боюнча классификациялоо принцибин четке каккан, бул принцип ошол кезде жана андан мурда табият илиминде таралган болучу. Бардык илимдерди ички терең байланыштар бириктирип турат деп эсептейт. Табият илимдери менен теологиянын байланышын четке каккан. Анын пикиринче, бардык илимдер ар түрдүү даражадагы жалпылыкка жана жөнөкөйлүккө ээ жана аларды төмөндөгүдөй кемүүчү даражада жайгаштырууга болот: механика менен математика, органикалык эмес телолор жөнүндөгү илимдер, органикалык телолор (буга социология да кирет) жөнүндөгү илимдер.

Коом тууралу түзөтүү

Ал коом — бул өнүгүшү ойломдун формалары менен аныктала турган организм деген көз карашты туткан. Коом өзүнүн өнүгүшүндө, Конттун ою боюнча, үч баскычты басып өтөт: 1) теологиялык баскыч, бул баскычта адамдар бардык көрүнүштөрдү динге таянуу менен, табийгаттан тышкаркы күчтөр аркылуу түшүндүрүшөт; 2) метафизикалык баскыч, бул баскычта ал көрүнүштөр ар түрдүү маңыз-маанилердин жана себептердин таасири менен түшүндүрүлөт; 3) позитивдик баскыч, мында бардык көрүнүштөр позитивизмдин позициясынан илимий түрдө түшүндүрүлөт.

Конт адамзат коомунун өнүгүшүнүн ушул үч баскычынын мазмунун толук ачып көрсөтөт. Биринчи баскычты ал кыял үстөмдүк кылган баскыч катарында мүнөздөйт, мында билимдердин чөйрөсү чектелүү келет. Адамдар кубулуш-көрүнүштөрдүн болуп турушун кудайлардын жана духтардын бар экендиги менен түшүндүрүшөт. Мында авторитет жана монархия үстөмдүк кылып турат. Метафизикалык баскыч маңыздын көрүнүшү болуп саналган ар түрдүү күчтөрдүн аракеттери менен мүнөздөлөт, бул баскычта авторитеттердин үстөмдүгү бошойт, адамда эгоизм (өзүмчүлдүк) күч алып, коом менен байланыш начарлайт. Сезимдин ролу кемитилип, дээр-зээндин ролу өсөт. Бул баскычта монархиянын ордуна элдин бийлигин орнотууга умтулуу пайда болот. Экинчи баскыч — үчүнчүгө өткөөл баскыч — эң жогорку баскыч. Бул баскычта коом математика, астрономия, физика, химия, биология, социология (социалдык физика) берген оң мүнөздөгү билимдердин негизинде кайрадан курула баштайт. Позитивдүү илим жаратылыш менен коомдун мыйзамдарын жана ыраат-тартиптерин ачуу жагында иш алып барат. Ал эми метафизикалык проблемалар, башкача айткандабытие жана анын маңызы жөнүндөгү маселелер чечилбей турган маселелер деп жарыяланат. Илим жана философия жаратылыш менен коомдун мыйзамченемдерин таанып-билүүгө тийиш. Позитивдик баскычта теория менен практиканын ортосундагы мурдагы баскычта орун алган ажырымдык жоюлат. Коомдун прогресстин жолу менен өнүгүшүнүн чечүүчү күчү — бул илим- билимдердин прогресси.

Дин тууралуу түзөтүү

Конт жаңы динди — «адамзат дини» деп аталган динди жарыялайт жана бул диндин катехизисин жазат. Бирок бул аракет чоң ийгиликке ээ болгон эмес.

Позитивизм идеялары XIX кылымдын табият таануучуларынын арасында кеңири белгилүү болгон. Конттун окуусун Жон Стюарт Милль, Герберт Спенсер улантышкан.

Колдонулган адабияттар түзөтүү