ОзаркАКШнын борбордук бөлүгүндөгү плато, Борбордук түздүктүн Түштүк-чыгышында. Негизинен палеозойдун акиташ тектеринен түзүлгөн; чыгышында кембрийге чейин пайда болгон түпкү тектер жер бетине чыгып жатат (мисалы, Сент-Фрэнсис). Дарыялар менен өтө тилмеленген, айрым жерлерине карст процесстери мүнөздүү. Орточо бийиктиги 500 мге чейин, эң бийик жери 823 м (Бостон тоосу). Кызыл жана сары топурактуу. Дөңсөөлөрүндө негизинен эмендүү токой сакталган. Полиметалл кендери (Сент-Жозеф, ТриСтейтс) казылып алынат. Аймагынын басымдуу бөлүгү – айыл чарбасына жарактуу жерлер.

Озарк.
Бостон тоосу.

Колдонулган адабияттар түзөтүү