Ой (замысел) – көркөм искусство тармагында – сүрөт чыгармачыл ой жүгүртүүсүндө көркөм чыгарманын формасы менен мазмунунун негизги белгилери тууралуу анын үстүнөн практикалык ишти баштоодон мурунку, конкреттүү жана жалпы бир бүтүндүктө элестетүү. Эреже катары, ой негизги, чечүүчү багытта гана толук айтылып бүтөт, ал эми деталдарында дайыма толукталат, байытылат, аткаруу практикасында өзгөртүлүп турат. Сүрөткердин идеясын анын пландарынан, каалоо-тилектеринен ажырата билүү зарыл, себеби идеяны тактоо, теманы, сюжетти тандап алуу, ал көркөм чыгарманы ойлоп тапканга жатпайт. Жаратылган ой, идея кээде сүрөт­кердин каалоосунан сырткары, баштапкы идеядан аткаруу чеберчилигинин жетишсиздигине же сүрөткердин ар кандай көз караштарынын карама-каршылыктарына байланыштуу айырмаланышы мүмкүн.

Колдонулган адабияттар түзөтүү