Ойдуң, ойдуңдуу түздүк – кургактыктын абсолюттук бийиктиги деңиз деңгээлинен 200 мге чейинки бөлүгү. Ойдуңдун бети көбүнчө түзөң, кээде дөбөлүү келет. Ойдуң негизинен тектоникалык чуңкурдуктарда пайда болуп, деңиздик же континенттик катмарлардан (өзгөчө агын суунун аллювий чөкмөлөрүнөн) турат. Деңиз деңгээлинен төмөн жаткан ойдуңдар да болот (мисалы, Каспий бою ойдуңу). Ирилери: Амазонка ойдуңу, Каспий бою ойдуңу, Батыш Сибирь түздүгү жана Парана дарыясынын алабындагы ойдуңдар. Тоо арасындагы тектоникалык кыймылдардан пайда болгон төрт же үч тарабы тең тоолор менен курчалган төмөн жаткан жерлер да ойдуң деп аталат (мисалы, Ысык-Көл, Фергана ойдуңдары). Кээде өрөөндүн синоними катары да айтылат.

Колдонулган адабияттар түзөтүү