Оймок гүл, дигиталис (лат. Digitalis, L. 1753) — өсүмдүктөрдүн коңул гүлдүүлөр тукумундагы уруусу. Жөнөкөй жалбырактуу эки же көп жылдык чөп, чанда бийик же чала бадал жана бадал. Гүлү чоң, чачы сымал топ гүлдү түзөт. Мөмөсү кутуча, 35тей түрү Түндүк Африка, Европа, Кичи Азия, Кавказда, Батыш Сибирде токой четинде, ачык жерде кездешет. КМШ өлкөлөрүндө 6 түрү өсөт. Оймок гүл кайчылаш чаңдашат. Гүлүнүн төмөн жагы (алдынкы эрди) созуңку болуп, чаңдаштыруучу чымын, чиркей, аарылар конгонго ыңгайлуу. Жалбырагында медицинада колдонулуучу гликозиддер бар. Ал жүрөк ишин жөнгө салат. Заара бөлүп чыгарууну күчөтөт жана шишикти таратат. Кыргызстанда кызыл Оймок гүл кооздук үчүн жана дары-дармек катары өстүрүлөт.

Digitalis grandiflora.

Колдонулган адабияттар түзөтүү