Ойсул Ата (ар. Вайс ал-Карани) - төөнүн пири, колдоочу ээси. Бул адамдын чын аты - олуя Султан Вайс Харани. Адегенде бул адам төө баккан экен. Анын төөгө пир болуп калышынын себеби, кербенчилердин туягы сынган төөсүн заматта дарылап, кербен катарына кошкондугу айтылат. Бул олуянын мазары көп жерде учурайт. Анын мазарлары Кулжада, Белужстанда, Сейстанда бар имиш жана ага адамдар сыйынышары айтылат. Орто Азия элдеринин, ошондой эле кыргыздардын элдик оозеки чыгармаларында кездешкен диний же мифологиялык түшүнүк.

Колдонулган адабияттар түзөтүү