Ой-Кайың корукчасы
Ой-Кайың корукчасы – Алай районунун аймагындагы ботаникалык корукча (заказник). Чоң Ой-Кайың суусунун алабында. Аянты 50 га. Ушул гана аймакта өскөн эндемик (Памир-Алай ареалынын жергиликтүү түрү) жана реликт болуп эсептелген кооз алайкан өсүмдүгүн коргоо максатында 1975-ж. уюшулган.
Колдонулган адабияттар
түзөтүү- “Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы: 5-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2014. илл. ISBN 978 9967-14-111-7