Оодан
(«Округ» барагынан багытталды)
Оодан, Округ – 1) бир катар мамлекеттердеги (мисалы, Болгария, Германия, Исландия, Люксембург, Португалия, Иордания, Кипр ж. б.) административдик бирдик. Кыргызстанда айыл округдары бар; 2) физикалык географиялык райондоштурууда – физикалык-географиялык провинция менен Физикалык-географиялык райондун ортосундагы таксономиялык бирдик (мисалы, Фергана, Нарын, Суусамыр ж. б. округдар); 3) аскер округу; 4) ар кандай убактылуу түзүлмөлөр (мисалы, шайлоо округу).
Колдонулган адабияттар
түзөтүү- “Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы: 5-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2014. илл. ISBN 978 9967-14-111 -7