Октябристтер («1 7 - октябрдагысоюз»)— Россиядагы соода өнөр жай Борбордук Азиясы менен помещиктердин революциячыл партиясы.

  • 1905-ж. ноябрда түзүлүп, Он жетинчи октябрь манифестинен аталган. Союзду П. А. Гейден, Д. И. Шипов, М. А. Стахович, А. И. жана Н. И. Гучковдор, Н. А. Хомяков ж. б. негиздеген.
  • Октябристтердин органдары — «Слово» (190506) жана «Голос Москвы» (190615) газеталары болгон. Алар конституциялык монархияны, Мамл. дума чакырууну, Россиянын «биримдиги менен бөлүнбөстүгүн» талап кылып, падышачылыктын улуу державалык-шовинисттик саясатын колдогон.
  • Дыйкандарды мүлк жанa гражд. укук жагынан баш­ка катмарлар менен теңештирүү, майда жер арендасын белгилүү тартинке салуу, дыйкандардын бөлөк жерге көчүүсүнө жардам берүү ж. б. жолдор аркылуу агрардык маселени чечүү жагын сунуш кылышкан. Революциячыл кыймылдын ырайымсыз жазаланышын, Сталиндин агрардык реформасын колдошкон.
  • Октябристтер Биринчи дүйн. согуш мезгилинде «Прогрессчил блокко», 1917-ж. февр. революциясынан кийин Убактылуу өкмөттүн составына кирген.
  • Окт. рев-ясынан ки­йин контррев-ячыл башка күчтөр менен Совет бийлигине каршы күрөшкөн.


Колдонулган адабияттар түзөтүү

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Бишкек: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1979. Том 4. Лактация - Пиррол. -656 б.