Окугуч түзүлүш — цифраларды.тамгаларды ж. б. басылган же кол менен жазылган белгилерди автоматик түрдө ажыратып таанып, аларды эсептегич жана информ. машиналарды киргизүү үчүн кодго айландыруучу түзүлүш.

Окугуч түзүлүш сүрөттөлүштү жайылтуучу жана айрып таануучу блоктордон турат. Окула турган тексттин сүрөттөлүшү текст боюнча жылып турган жарыктып нуру менен жайылтылат. Белгилерден чагылган нур фотоэлементке түшөт, андан электр сигнал түрүндө чыгат. Айрып таануу блогунда жайылтылган сигналдар автоматтык түрдө талданып, окулуучу белгилердин алгачкы жыйнагы менен салыштырылат да, болгипин коду аныкталат.

Окугуч түзүлүштө жайылтылган белгилердин сигналдарьш талдоо үчүн үлгү методу, фрагменттер методу, инте­грал методу, ылайыкташтыруу мето­ду колдонулат. Окугуч түзүлүш ушул айрып таапуу методдору, окуунун жанa ай­рым таануунун ылдамдыгы, айрып таанылуучу алфавиттин түрү ж. б. менен мүнөздөлөт.


Колдонулган адабияттар түзөтүү

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Бишкек: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1979. Том 4. Лактация - Пиррол. -656 б.