Окутуу – окуучуларды билим алууга, аны өздөштүрүүгө үйрөтүүнүн, жашоого жана эмгекке даярдоонун негизги жолу. Окутуу процессинде билим берүү жана тарбиялоо ишке ашырылат. Билим алуу окуу жайларда гана эмес, үй-бүлөдө, үй-тиричиликте, өндүрүштө ж. б. жерлерде да жүргүзүлөт. Билимди өз алдынча алууга да болот. Окутуунун мазмуну жана мүнөзү коомдун материалдык жана маданий өнүгүшүнүн деңгээлине жараша аныкталат. Коомдун өнүгүшүнүн ар кандай этаптарында окутуунун максаты менен методдору коомдук мамиленин өнүгүшүнө жараша өзгөрүп турат. Окутуу методу негизинен мугалимдин жана окуучулардын аракеттерине – лекция, адабий чыгарма, окуу китеби боюнча иштөө, тажрыйба жүргүзүү, көрсөтмө курал колдонуу, көнүгүү жасоо ж. б. заманбап техникалык каражаттарга жараша мүнөздөлөт. Окутуу – жекече, класстык, курстук, семинардык, лекциялык ж. б. багыттарда жүргүзүлөт, к. Окутуу методикасы.

Колдонулган адабияттар түзөтүү