Окуянын түйүндөлүшү, окуянын чиелениши – сюжеттин элементтеринин бири. Кандай гана чыгармада болбосун, окуянын өнүгүшү үчүн жагдайдын, кырдаалдын болушу зарыл. Ошондон кийин гана окуя өнүгөт. Мисалы, Ч. Айтматовдун «Жамийла» повестинде Жамийланын станцияга эгин ташып, ошол кезде Даниярдын айылга келиши, алардын бирге иштеп калышы чыгармадагы окуянын андан ары өнүгүшүн аныктаган чиелениши болуп эсептелет.

Чиелениш сюжеттүү чыгармалардын бардыгына мүнөздүү көрүнүш, башкача айтканда белгилүү бир жагдайсыз чыгарманын окуясы чиеленүүгө чейин өнүкпөйт. Мисалы, кош эзүүнүн күчөшү, элдин көтөрүлүшкө чыгып жеңилиши жана Кытайга качышы – «Ажар» повестиндеги окуянын андан ары өнүгүшүн аныктап турган чиеленишаары окуянын түйүндөлүшүдө алгачкы карама-каршылык башталат да, түйүн түйүлөт. 

Колдонулган адабияттар түзөтүү