Окшоштук (геометрияда) – геометриялык фигуралардын өз өлчөмдөрүнө көз карандысыз бирдей формага ээ болорун мүнөздөөчү түшүнүк. Эгер А1 жана А2 фигуралардын чекиттерине өз ара бир маанилүү туура келүүчүлүктү коюуга мүмкүн болуп, ал чекиттердин ортосундагы аралыктардын катышы туруктуу R санына барабар болсо, анда фигуралар окшош деп аталат. R – окшуштук коэффициенти. Окшош фигуралардын аянттарынын катышы окшуштук коэффициентинин квадратына, ал эми көлөмдөрүнүн катышы окшуштук коэффициентинин кубуна барабар. Эгер тегиздиктин бардык фигураларын бир окшуштук коэффициенти боюнча окшош фигураларга айландырып өзгөртсөк, андай геометриялык өзгөртүү окшош өзгөртүү деп аталат. Окшош өзгөртүү – аффиндик өзгөртүүнүн айрым учуру. Окшуштук жана окшош өзгөртүүлөр техникада, чийме чийүүдө, моделдөөдө колдонулат.

Колдонулган адабияттар түзөтүү