Окшоштук (өңдөштүк, түспөл-дөштүк – сходство) – нерселердин, кубулуштардын бири-бирине барабардыгын жана бирдейлигин чагылдырган категория. Өзгөрмө дүйнө менен бирге окшоштук да такай өзгөрүп турат. Мисалы, С нерсени мүнөздөгөн касиеттер Д нерседе да болсо, бул экөө окшош болот, бирок абдан «жүз процент» окшош болбойт. Ушинтип, окшоштукту билүү үчүн окшош нерселерди адегенде бөлөк-бөлөк ажыратып кароого туура келет. Анткени, окшоштук айырмачылык аркылуу байланышат, окшоштук критерийлери болот. Окшоштук категориясы логика жана табият илимдеринде, математикада көп кездешет.

Колдонулган адабияттар түзөтүү