Оленёк – Саха Респуликасындагы дарыя, башаты Краснояр крайында. Узундугу 2292 км, алабынын аянты 220 миң км2. Вилюй платосунун түндүк чет жакасындагы чакан көлдөн башталып, Букочан токол тоосун этектей агып, Лаптевдер деңизинин аты окшош булуңуна куярда аянты 475 км2 болгон дельтаны пайда кылат. Нугу босоголуу; ири куймалары: Силигир (оң), Унукит, Биректе, Куойка, Беенчиме, Бур, Буолкалах (сол). Кар жана жамгыр сууларынан куралат. Июндан октябрга чейин кирип, октябрдан июнга чейин тартылат. Орточо чыгымы 1210 м3/сек. Сентябрдын аягы – октябрда тоңуп, майдын аягы – июндун 1-жарымында муздан арылат. Балыкка бай.

Оленёк
ОМСР 18020000112117600047229

Колдонулган адабияттар түзөтүү