Оливер Хелденс
Оливер Хелденс (англ. Oliver Heldens) - Роттердамда туулган немис дижейи жана электрондук музыканын продюсери.
2013-жылы чыккан "Gecko" (кырг. Геккон) ыры Tiësto немис дижейдин көңүлүн буруп, Хелденс анын Musical Freedom үндү жаздыруучу фирма белгиси менен келишимге кол коюп, 2014-жылдын 23-июнунда британиялык ырчы Бекки Хилл менен бирге трек жаздырып чыгарышкан. Ошондой эле Хелденстин эки жылдан бери ар апта сайын чыккан Heldeep Radio аталышындагы подкасты бар.
2015-жылы Oli H (кыскартылган: Оливер Хелденс) тескерисинен жазылганда HI-LO сахналык аты аркылуу бас-хаус жанрындагы ырларды чыгарып баштаган.Бул сахналык аты аркылуу Хелденс үч сингл жаздырган, алар: "Crank It Up" (кырг. "Берилүү"), "Renegade Mastah" (кырг. "Мастах чыккынчысы") жана "Wappy Flirt" (кырг. "Ашыктык флирти"), акыркы эки сингли өзүнүн Heldeep Records үндү жаздыруучу фирма белгиси аркылуу жаздырылып чыккан.