Олинф – Халкидика жарым аралындагы байыркы грек шаары. Урандылары азыркы Салоникиден (Грекия) 50 км түштүктө. Б. з. ч. 8–6-кылымда Эвбея аралындагы Халкида шаарынан келгендер негиздеген. Б. з. ч. 432-жылдан Халкида шаарлар союзунун борборуна айланган. Олинф согушунан (б. з. ч. 349–348) улам аны Македония падышасы Филипп II караткан. Ал талкалап өрттөгөн соң, калыбына келтирилген эмес. 1928-ж. америкалык археологдор казуу иштерин жүргүзүп, неолитке таандык турак жай калдыктарын, ар кыл түстөгү мозаика жана тиричилик материалдарын тапкан.

Колдонулган адабияттар түзөтүү