«Олонхо» – якут элинин баатырдык эпосу. Сюжет жана стиль жагынан бири бирине жакын көп жомоктордон куралган. Көлөмү 10–15 миң, кээде андан көп ыр сабынан туруп, ыргактуу проза жана прозалык кыстырмалар менен аралаш айтылат. «Олонхо» элдик айтуучулар (олонхосут) тарабынан аткарылат (Т. В. Захаров-Чээбий, Н. А. Абрамов-Кыпат, Д. М. Говоров). «Олонхо» жомоктору байыркы заманда пайда болгондуктан, аларда көбүнчө якуттардын патриархалдыкуруучулук белгилери, уруулар менен уруктар арасындагы мамилелер чагылдырылган. Ар бир жомок баш каармандын атынан аталган: «Нүргүн Боотур», «Кулун Куллустуур» ж. б. Сюжеттердин негизин айы аймага уругунан чыккан баатырдын жалгыз колдуу же жалгыз буттуу карасанатай жаныбар абаасыга же адьарайга каршы күрөшү, адилеттик менен тынчтыкты коргоо түзөт. «Олонходо» баатырларды сүрөттөөдө фантастика менен гипербола арбын пайдаланылып, чыныгы турмуш көрүнүштөрү аралаш берилет. «Олонхо» ыры – аллитерациялык ыр. Ыр өлчөмү эркин, бир саптагы муун саны 6–7ден 18ге чейин. Стили жана образ системасы алтай, хакас, туба эпосуна жана бурят «Улигерине» жакын. «Олонхо» якут элинде кеңири таралган, калк кадырлаган чыгарма болгондуктан, андагы баатырлардын (баш каармандардын) ысымдары жалпы атка айланып кеткен.

Колдонулган адабияттар

түзөтүү