Олпок — ичине кебез, жүн салынып шырылган ок өтпөс сырт кийим. Баатырлар аны негизинен жоого кийишкен. Мисалы, «Ок өтпөс олпок күбөңү» (Сагымбай Орозбаков , 3. 89); «Ок өтпөгөн олпокту Кийишермин дечү элем» (Саякбай Каралаев, 2. 95). О. көбүнчө соот менен кошо кийилген. Кээде О-тун өзү эле соот түрүндө, башкача айтканда ичине металл тор же темирдин күкүмү ширетилип жасалган, к. Ак олпок.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • "Манас" энциклопедиясы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Бишкек: Кыргыз энциклопедиясынын Башкы редакциясы, - 1995. 1-т. - 440 б. ISBN -5-89750-013-4