Олуяата рапонтикуму
Олуяата рапонтикуму (лат. Stemmacantha aulieatensis (Jljin) М. Dittrich, syn. Rhaponticum aulieatense (Jljin)) - Көп жылдык тамыр-сабактуу өсүмдүк. Тамыр сабагы салыштырмалуу тик жайгашып, жогору жер үстүнө жакын бөлүгү көп башчалуу. Сабактары 1–3 кө чейин, узундугу 6 дан 40 см ге чейин жетет. Жалбырактарынын төмөнкү жана жогорку бөлүктөрү сейрек ичке түктүү, канаттай-бөлүктүү; бөлүктөрү текши эмес тишчелүү. Жан тамыр жана төмөнкү сабактагы жалбырактарынын узундугу 8–12 см, туурасы 2–3 см, жалбырак саптуу; сабактагылары болсо сапсыз келип, канаттай-айчыктуу, жээктери быржыктуу. Ороочунун туурасы 3,0–3,5 см, жылаңач. Корзинасынын диаметри 4-7 см. Гүлдөрү сары, кызгылтым-сыя, гүлдөп бүтөөргө жакын сыя-көк темгилдүү.Таажычалары 1,7–2,0 см узундукта. Урукчалары 5–6 (10) см узундукта, агыш-күрөң тактары бар. Көкүлү ак, үч катар, ачык кызгылт-сары кыймалары менен.
Биологиялык өзгөчөлүктөрү
түзөтүүМай-июнң айларында гүлдөп, июнң-июлда урук байлайт.Уругу менен көбөйөт.
Жалпы жана өлкөдө таралышы
түзөтүүКыргыз Алатоосунун батыш бөлүгү, Эчкилүүтоо, Акташ жана Талас тоо кыркасынын Каракоюн дарыясынын бассейни.
Өсүү шарттары
түзөтүүАрчалуу токой алкагынын таштак жана шагылдуу тоо беттеринде өсөт.
Саны
түзөтүүЖаратылышта аз санда таралган.
Чектөөчү факторлор
түзөтүүАдамдын чарбачылык аракеттери: жай мезгилинде жайыттарды ыксыз колдонуу.
Өстүрүү
түзөтүүКыш алдында коллекциялык питомникте себилгенде, жазында текши өнөт. Биринчи жылы өсүмдүктөрү тутам жалбырак байлайт. 5 жыл өткөндөн кийин жалгыздан экземплярлары калат. Сугатты сүйбөйт. Уруктары 5 жылдан кийин деле өнүмдүүлүгүн сактайт.
Уюштурулган коргоо аракеттери
түзөтүүКыргыз ССРинин Кызыл китебине (1985) киргизилген.
Коргоо үчүн зарыл аракеттер
түзөтүүКоргоо чаралары иштелип чыккан эмес. Популяциясынын жаратылыштагы абалын, биологиясын жана көбөйүү өзгөчөлүктөрүн изилдөө. Түрдүн эң көп топтолгон аймактарында ботаникалык заказниктерди уюштуруп, дары өсүмдүк катары Кыргыз Республикасынын УИАнын Ботаникалык багына интродукциялоо.
Статусу
түзөтүүEN. Өтө сейрек кездешкен түр. Жоголуп кетүү коркунучунун алдында турат.
Колдонулган адабияттар
түзөтүү- Кыргыз Республикасынын Кызыл китеби 2-басылышы – Бишкек: 2006. – 544 б. – ISBN 9967-23-367-2
- “Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы: 5-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2014. илл. ISBN 978 9967-14-111 -7