Ольга инкарвиллеясы (лат. Incarvillea olgae, Regel) - Бийиктиги 1 м ге чейин жеткен көп жылдык өсүмдүк. Жалбырактары канаттай тилкелүү, чоку жалбырагы бүтүн кырдуу. Гулдөрү шыпыргыдай, жыш эмес топ гүлгө чогулуп, сабактын учунда жайгашат. Желекчелеринин узундугу 4 см ге чейин жетет, алар бирдей эмес беш бөлүктүү, эки эриндүүдөй болуп көрүнөт, күлгүн-кызыл, кээде ак. Чөйчөкчөсү уч бурчтуу тишчелүү. Аталыгы 4, эки канатчалуу чаңчалуу. Мөмөсү - көп уруктуу, сүйрүрөөк, сырты катуу кутуча, узундугу - 10 см ге чейин жетет.

Биологиялык өзгөчөлүктөрү түзөтүү

Июнң-июлда гүлдөп, август-сентябрда уруктанат. Уругу аркылуу көбөйөт.

Жалпы жана өлкөдө таралышы түзөтүү

Тажикстан (Батыш Памир, Памир-Алай). Кыргызстанда - Алай тоо кыркасынын түндүк беттери, Сох жана Шахимардан сууларынын арасы.

Өсүү шарттары түзөтүү

Деңиз деңгээлинен 700-2500 м бийиктиктеги өзөн бойлорундагы кумдуу, таштак жерлер жана боз топурактуу тоонун беттери.

Саны түзөтүү

Ареалында эң аз, чакан, бирин-серин кездешет. Түр жоголуп кетүү коркунучунун алдында турат.

Чектөөчү факторлор түзөтүү

Жергиликтүү калк анын кооздугуна карап, үзүп-жыйнашат. Айрым өскөн жерлеринде геологиялык иштер жүргүзүлүп жатат.

Өстүрүү түзөтүү

Кыргыз Республикасынын УИАнын Ботаникалык багында 1941-1944, 1952-1954 жылдары атайын өстүрүүдө жакшы натыйжа болгон. Көлөкөлүү жерлерде таптакыр өспөйт.

Уюштурулган коргоо аракеттери түзөтүү

Кыргыз ССРинин Кызыл китебине (1985) киргизилген, формалдуу түрдө Айдаркен ботаникалык заказнигинде коргоого алынган. Атайын коргоо чаралары көрүлгөн эмес.

Коргоо үчүн зарыл аракеттер түзөтүү

Популяцияларын тактап, кошумча ботаникалык заказниктерди уюштуруу, атайлап колдо өстүрүү иштерин жүргүзүү керек.

Статусу түзөтүү

CR B2ab( i i i ). Өтө сейрек кездешкен, жоголуп кетүү коркунучунун алдында турган, өзгөчө коргоону талап кылган байыркы түр.

Колдонулган адабияттар түзөтүү