Ом
Ом – өткөргүчтүн электр каршылыгынын бирдиктердин эл аралык системасындагы бирдиги. Ом – ток күчү 1 А болгондо өткөргүчтүн учтарынын арасындагы чыңалуу 1 В болгон өткөргүчтүн каршылыгына барабар. Белгилениши – Ом. Немис физиги С. Г. Омдун ысмынан аталган.
Колдонулган адабияттар
түзөтүү- “Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы: 5-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2014. илл. ISBN 978 9967-14-111 -7