Оморов Асыкбек Мамбетакунович - жазуучу, тарых изилдөөчү, санжырачы, профессор. Ат-Башы районунун Кызыл-Туу айылында 1953-жылы 21-июнда туулган.

Эмгек жолун 1970-1971-жж. Нарын шаарындагы Тянь-Шань курулуштарды оң-доо башкармасында иштөө менен баштаган.

1970-1980-жж. самбо күрөшү боюнча машыгып, 1973-жылы «СССР спортунун мастери» болгон жана Кыргыз ССРинин курама командасына кирген.

1971-1976-жж. Фрунзе политехникалык институтунун Архитектура-курулуш факультетинде окуп, инженер-куручу кесипке ээ болуп, 1976-жылы инженердик геодезия кафедрасында лаборант, 1977-1981-жж. «Кыргызжолдолбоорлоо» инженердик геодезия, геология бөлүмүндө инженер-топограф, отряд начальниги, экспедициянын на-чальниги болуп Якутия, Монголия, Бурятия аймактарында иштеген.

1980-1981-жж. Фрунзедеги үй куруу комбинатында инженердик-геодезия кыз-матында башкы инженер, 1982-1985-жж. «Нарын облайыл курулуш» башкармасында борбордук курулуш-лабораториясынын начальниги болуп эмгектенген.

1985-жылы Новосибирскидеги мамлекеттик аэрофотосъемка, картография жана геодезия инженерлер институтунда окуп, инженер-геодезист кесибине ээ болгон.

1985-1986-жж. Тянь-Шань курулуш мекемесинде башкы инженер, 1986-1988-жж. Нарын облустук Аткаруу комитетинде курулуш, транспорт, энергетика жана өндүрүш боюнча улук референт, 1990-1994-жж. республикалык «Кыргызташ» өндүрүштүк бирикмесинде башкы директор, 1994-1998-жж. Тогуз-Торо районундагы «Макмалалтын» комбинатында башкы директордун биринчи орун басары, 1998-2002-жж. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Геодезия жана картография башкармалыгында орун басар, 2002-2004-жж. «Беш-Сары» курулуш ачык акционердик биргелешкен коо-мунун башкы директорунун орун басары болуп иштеп, автордук курулуш долбоору боюнча Бишкек шаарынын Киев-Бейшеналиева көчөсүндөгү соода түйүнүн автомобиль гаражы менен курган.

2004-2006-жж. «Аида & К» курулуш боюнча ачык акционердик биргелешкен коомунун башкы директорунун курулуш боюнча орун басары болуп иштеп, өзүнүн ав-тордук курулуш долбоору боюнча Бишкек шаарынын Горький көчөсүндөгү «Таш Ра-бат» соода комплексин тургузган.

2006-жылдан «Бучук Голд Лимитед» ачык биргелешкен коомунда тоо кендерин иштетүү боюнча башкы директордун орун басары болуп иштеп келет.

1996-жылдан бери Турциядагы «Мугиад» Эл аралык тоо кендерин иштетүү боюнча борбордук ассоциациясынын мүчөсү.

Республикалык «Агым», «Аалам», «Кыргыз руху», «Кыргыз туусу», «Ачык сая-сат» гезиттерине экономика жана өндүрүш багытында ар түрдүү макалалары жарыяла-нып келген. Республикалык «Көк асаба» гезитинин редакциялык коллегиясынын мүчөсү.

Кроссворд, суперкроссворд, адабият, тарыхый баяндамалардын жана бир нече илимий эмгектердин автору. 1996-жылдан бери суперкроссворддорду түзүү боюнча Гиннесс китебинин чыгааны болуп келет.

1986-жылы «Эмгектеги артыкчылыгы үчүн» медалы менен сыйланган.

Өмүр баяны 2007-жылы Кыргыз Республикасынын «Кыргызстан элитасы» деген энциклопедиясына кирген. Жазган макалалары Кыргыз Совет Энциклопедиясында жарыяланган. Анын «Чынгызхан» тарыхый романы 2008-жылы илим жана маданият багытындагы Эл аралык Мустафа Кемаль Ата Түрк фонду тарабынан Алтын медаль менен сыйланган.

2009-жылдан Кыргыз Республикасынын Улуттук жазуучулар союзунун мүчөсү.

Жарык көргөн китептери түзөтүү

Кыргыз тилинде түзөтүү

Орусча-кыргызча топографиялык-геодезия терминдердин сөздүгү. – Б.: Илим, 1990. – 90 б.

Акылдын аэробикасы. – Б.: Учкун, 1994. – 88 б.

Чынгызхан: Тарыхый роман. – Б.: Алтын тамга, 2008. – 364 б.


Орус тилинде түзөтүү

Особености строительства просадочных грунтах в сейсмических районах – Ташкент, 1984. – 88 с.

Проверь себя: Сборник супер-кроссвордов. – Новосибирск, 1998. – 100 с.


Колдонулган адабияттар түзөтүү