Оморов Жүкүш (10. 5. 1922, Москва району, Чичерин (азыркы Чон-Арык) кыштагы -1991) - согуштун ардагери, милициянын майору, жетекчи кызматкер.

Орто билимди Фрунзе шаарындагы № 5 жатак-мектептен алган (1940). Алматы шаарындагы атайын милиция окуу жайын бүтүргөн (1963).

1942-ж. Улуу Ата Мекендик согушка чакырылып, Ленинград фронтунда блокадада болгон. Полына, Венгрияны бошотуудагы салгылаштарга катышып, Берлинге чейин барган.

Согуш аяктагандан кийин да Мамлекеттик коопсуздук комитетинде (КГБ) кызмат өтөп, чечен, карачай жана курддардын жер которуштуруусун ишке ашырууга активдүү катышат.

1949-ж. Советтик Армиянын катарынан бошонуп, туулган жерине келип, кырман башчысы болот. Кайрадан КГБга кызматка чакырылып, Талас облусунун Ленинполь (Бакай-Ата) районунда тергөөчү болуп, Кавказдан көчүрүлүп келинген улуттарга комендант болгон (1950).

Москва районунда Ички иштер бөлүмүндө кызматкер (1955), кийинчерээк начальник (1961-68), Петровка, Сокулук райондорунда ОБХССтин башчысы, Суусамыр посёлкалык милиция бөлүмүндө начальник (1968-75), Калинин районунда ОБХССтин начальниги (1975-77), Москва районундагы «Россия» колхозунда жана айыл чарба башкармалыгында юрист-консультант болуп эмгектенген. «Милициянын отличниги» төш белгисинин ээси. Улуу Ата Мекендик согуштун 30, 40 жылдыгы юбилейлик медалдары (1975, 1985), Улуу Ата Мекендик согуштун 2-даражадагы ордени менен сыйланган.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

Суусамыр: Энциклопедия /Башкы ред. Ү. Асанов. - Б.: Энцик. борбору, 2010. - 312 б., илл. ISBN 978-9967-14-076-9