Омошов Өмөркул
Омошов Өмөркул 1902-жылы 17-январда азыркы Сузак районунун Көк-Арт айылында туулган.
- Эрезеге жетип, эс тартып калганда, Октябрь Революциясы жеңип, бийликке большевиктер келет.
- Көк-Артта колхоз уюшулганда, колхоздун ар кандай жумуштарында иштеп, ошол эле мезгилде, ыктыярдуу отряддын катарында да кызмат өтөйт.
- Улуу Ата мекендик согуш башталганда, өз ыктыяры менен согушка кеткен.
- Алгач Ташкент шаарында эки айлык даярдоо курсунда болуп, андан кийин кан күйгөн Белорус фронтуна туш болот.
- Бир айдын ичинде эле, бүтүндөй полк кыргынга учурап, тирүү калгандарын башка полкторго кошуп жиберген.
- Мылтыкты жакшы аткандыктан, жаңы барган бөлүктө 12 адамдан турган снайпердик отделенияга туш келип, 1943-жылга чейин кызмат өтөгөн.
- 1943-жылы оор жаракат алып, госпиталга түшөт.
- Айыгып чыккандан кийин, Балтика деңизи аркылуу келген Америкалык кемелердин жүктөрүн фронтко жеткирүүчү конвойдо кызмат кылып жүргөндө, немец авиациясынын бомбалоосуна кабылып, дагы бир жолу оор жаракат алат.
- Ошол алган жараатынан кийин, 1944-жылы бир топ орден, медалдардын ээси болуп, айылына кайтып келет.
- 1980-жылы каза болгон
Колдонулган адабияттар
түзөтүүАаламга кеткен жол айылдан башталат: Багыш айыл аймагы. – Бишкек, 2015. ISBN 978-9967-04-673-3