Омь областы - 1934-ж. 7- декабрда түзүлгөн. Аянты 139,7 миң км2. Борбору — Омск ш.

Омь областы.

Омь областы Батыш Сибирь түздүгүнун түштүгүндө, Иртыш дарыясынын ортоңку бөлүгүндө. Жери түзөң. Кен байлыктары: чопо, кум, мергель, чым көң. Климаты континенттик. Январдын орт. темп-расы —20°С, июлдуку 20°С. Жылдык жаан-чачын 300—400 мм. Областтын аймагынан Иртыш д. агып өтөт.

Анын ири куймалары: Ишим, Омь, Тара. Кыртышы кара (23,6%), саз (21%), шор (15,6%), кул (13,3%), шалбаа (5,8%), боз (5,7%), чымдуу-кул (3,6%) топурактуу. Аймагынын ‘Аден ашыгын токой жанa бадалдар (кедр, карагай, кек карагай, кайыц, бай терек) ээлейт. Айбанагтары: тыйын чычкан, арыс чычкан, коён, тулку, тун. бугусу, багыш, элик, карышкыр, аюу; ка- наттуулары — өрдөк, каз, каракур, ке килик, кереңкур ж. б.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Бишкек: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1979. Том 4. Лактация - Пиррол. -656 б.