Омуртка (vertebrae) — омурткалуу жаныбарлардын жанa кишинин омуртка тутумун түзүүчү скелеттин элементи. Алардын жалпы саны 33—34. О. дене, дого жанa урчуктардан турат. Анын негизги бөлүгүн денеси түзөт.

Омуртка.

Дененин арт жагында Омуртка догосу жатат. Денеси менен догосу эки бутча ар­кылуу байланышып, Омуртка. көзөнөгүн түзөт. 6ашкаларды бири бири менен туташтырганда бул көзөнөктөр жүлүн жайгаша турган узун түтүктү пайда кылат.

Догодон ар тарапка урчуктар чыгат. Моюн Омурткаларына Караганда көкүрөк, бел жанa куймулчак Омуртка акырындап чоңоё баштайт. Алар дененин жог. бөлүгүнүн салмагына туруштук берет. Дененин негизги салмагы куй­мулчак тутумуна багытталгандыктан куймулчак Омурткалары бири бири менен туташып, куймулчакты түзөт.

Омурткалар бири бири менен кемирчек, байламта, муун жанa тарамыш аркылуу туташат.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Бишкек: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1979. Том 4. Лактация - Пиррол. -656 б.