Онхоцеркоз – малдын Onchocerca уруусундагы жумуру курт пайда кылуучу инвазиялуу ылаңы. Малдын тарамышын, сөөк байламталарын жана тутумдаштыруучу ткандарын жабыркатат. Ылаңга уй, жылкы, буйвол, эчки, төө ж. б. чалдыгат. Ылаң пайда кылуучу курттар майда кара чиркейлер аркылуу (малды чагып, канын соргон кезде) таралат. Онхоцеркозго чалдыккан мал терисинин сапаты начарлап, тери өнөр жайына зыян келет. Онхоцеркоз ылаңын дарылоо жолу иштелип чыга элек. Алдын алуу үчүн малды мүмкүн болушунча чиркей жок же аз жайытта багуу керек.

Onchocerca volvulus.

Оң кол эрежеси – магнит талаасында жайгашкан өткөргүчтөгү индукциялык токтун багытын аныктоочу эреже. Ал эрежеге ылайык, эгер оң колдун түз ачылган алаканын магнит талаасынын күч сызыктары перпендикуляр кесип өткөндөй жайгаштырып, керилип ачылган бармак өткөргүчтүн кыймыл багытына дал келтирилсе, анда өткөргүчтөгү индукциялык токтун багыты жазылып турган 4 манжанын багыты менен дал келет. Оң кол эрежеси – Ленц эрежесинин жөнөкөй чечмелениши.

Колдонулган адабияттар түзөтүү