Он-Арча (археологиялык эстелик)

Он-Арча (археологиялык эстелик) – төмөнкү таш дооруна таандык археологиялык эстелик. Нарын районунун аймагында, деңиз деңгээлинен 2400–2500 м бийиктикте жайгашкан. Он-Арча суусунун оң тарабындагы 30– 40 м бийиктиктеги тектирчеден бир кыры чабылып, дого түрүндөгү мизге айландырылган, экинчи жагы кармаганга ылайыкташкан сай ташы табылган. Археологияда мындай курал чоппер деп аталат. Чоппердин жанынан ташты бөлө жарчу дого сымал миз чыгарылганкыргыч табылган. 1953-ж. археолог А.П. Окладников казып изилдеген.

Колдонулган адабияттар түзөтүү