Он ок будун («он уруу», «он уруудан турган эл, калк») – 5–8-кылымда Теңир-Тоо жана ага жакын аймактарда жашаган батыш түрк урууларынын жалпы аталышы. Алгач Орхон жазуу эстеликтеринде кезигип, Кытай тарыхый даректеринде беш уруу дулу жана беш уруу нушиби катары берилген. В. В. Радлов ж. б. окумуштуулар байыркы түрк тилинде «ок» («ог») «эне» деген сөздү билдирип, бир энеден тараган уулдар («огул») Он ок будун аталганын көрсөтсө, айрымдары (О. Прицак) жаанын жебесине («ок») байланыштырган. Он ок будунга кирген уруулар негизинен карлук жана огуз (же огуз-түркмөн) тилинде сүйлөшкөн. 5–9-кылымга тиешелүү орхон жана талас жазууларынын тили да (хакас тилине киргендерди кошпогондо) ушул тил тобуна жакын. Ошондуктан көпчүлүк окумуштуулар Теңир-Тоо (Талас, Памир-Алай, Кочкор ж. б.) жазууларын Он ок будун урууларынын мезгилине тийиштүү деп белгилешкен.

Колдонулган адабияттар

түзөтүү