Он эки тишчелүү пияз (лат. Allium dodecadontum, Vved.) - Көп жылдык пияз түптүү чөп өсүмдүк, геофит, ксеромезофит. Пияз түптөрү бирден, тоголок, жылмакай, диаметри 8-10 (12) мм, күрөң кагаз сымал кабыктуу. Сабагынын бийиктиги 60-80 см, диаметри 1,5-5 мм, кырдуу, теги жалбырак кучагы менен оролгон. Жалбырактары 2- ден, жалпак, эни 2,5-6 мм, четтери бодуракай. Гүл тобу жарым шар сымал же тоголок, жыш, көп гүлдүү. Гүл сабы 1,5-2 см, тегинен жылаңач. Жылдызчадай гүл коргонунун жалбыракчалары көгүлтүр-кызгылт, билинер-билинбес ортоңку боочолору менен, ичке үч бурчтуу ланцеттей, гүлдөгөндөн кийин чырмалышкан жана имерилген. Аталыгынын жипчелери гүл коргонунан 1,5 эсе кыска 2 тишчелүү, тегинен кирпикчелүү. Мөмөлүгү узун бутчалуу, жылмакай эмес.

Биологиялык өзгөчөлүгү түзөтүү

Май – июнда гүлдөп жана уруктанат.

Жалпы жана өлкөдө таралышы түзөтүү

Чаткал тоо кыркасы.

Өсүү шарттары түзөтүү

Бадалдардын арасы, тоолордун ортоңку алкагы, токой четтери.

Саны түзөтүү

Маалымат жок.

Чектөөчү факторлор түзөтүү

Адамдын чарбачылык ишкердүүлүгү: жазында мал жайып, гүлдөрүн чогултуп, пияз түптөрүн казып алуу.

Өстүрүү түзөтүү

Маалымат жок.

Уюштурулган коргоо аракеттери түзөтүү

Сарычелек коругунда коргоого алынган.

Коргоо үчүн зарыл аракеттер түзөтүү

Түр жыш кездешкен жерлерде ботаникалык заказниктерди уюштуруп, популяциясынын абалына иликтөө жүргүзүү. Гүлүн үзүп, пияз түбүн казып алууга тыюу салуу.

Статусу түзөтүү

VU. Чаткал тоо кыркасынын эндем түрү.

Колдонулган адабияттар түзөтүү