Оор атлетика - спорттун оордуктарда штанга, гиря, эспандер, гантель ж.б.) көтөрүү боюнча машыгууга негизделген түрү.

Олимпияда чемпиону Леонид Тараненко

Мелдешке жалаң штанга пайдаланылат. Спорттун бул түрүндө физикалык күч жана техника бирдей ченемде чечүүчү мааниге ээ. Ал дүйнөнүн бардык өлкөлөрүнө кеңири таралган жана олимпиадалык спорттун түрүнө айланган. Күчтү өстүрүүчү көнүгүүлөр байыркы мезгилде эле келип чыккан. Муну оор нерселерди көтөрүп таң калтырган күчтүү кишилер жөнүндөгү уламыштардан улам билебиз. Күчтү өстүрүүчү көнүгүүлөрдүн үлгүлөрү орто кылымдын башталышында эле болгон (тегирменчилердин араба дөңгөлөгүн көтөрүүсү, пиво кайнатуучу челектерди көтөрүү ж.б.у.с.).

Швецияда күч сыноодогу мелдештин элдик түрү болуп укум-тукумга калган таштарды түртүү эсептелген. Кыргыз элинде Кожомкул көтөргөн таш азыркыга чейин белгилүү. XIX к. акырынан баштап, Оор атлетика спорттун өзүнчө түрү катары калыптана баштаган. Азыркы Оор атлетиканын жаралган мекени Франция, Орусия, Германия жана Австралия өлкөлөрү. Ал адегенде «гиря спорту», «штанга», «оор атлетика» деп аталган.

1946-ж. «оор атлетика» деген бирдиктүү термин кабыл алынган. 1912-ж. Стокгольмда Оор атлетика боюнча 1-эл аралык конгресс болуп, Бүткүлдүйнөлүк Оор атлетикалык союз негизделген жана атлетышкыбоздор үчүн эл аралык мелдештен эрежелери иштелип чыккан.

Кыргызстанда Оор атлетика спорт катары 1931-ж. бери өнүгүүдө. Оор атлетика көнүгүүлөрү ден соолукту чыңдоого, күчтү көбөйтүүгө, бир калыпта бардык булчуңдарды өстүрүүгө жардам берет. Балбандардын спорттогу ийгиликтерге жетүүсүндө алардын штанганы жана түртүп көтөрүү (толчок) - штанганы эки колу менен төшкө алып көтөрүп жана төштөн түз колго түртүү.

Жеңиш түрдүү салмактагы спортчулардын эки кыймылы боюнча көтөрүлгөн кгдын суммасына карата белгиленет. Спортчуларга ар бир кыймылды аткаруу үчүн 3 жолу кайталап көтөрүүгө укук берилет. Оор атлетика менен машыгуу үчүн татаал жана кымбат шаймандар талап кылынбайт.

Усулдук өзгөчөлүктөрү: күч - оор атлетчилерге өзгөчө маанилүү болгон физикалык салат. Оор атлетика менен үзгүлтүксүз машыгуу, спортчунун организминдеги белгилүү морфологиялык жана функционалдык өзгөчөлүктөрдүн түзүлүшүнө жардам берет.

Таянуу кыймыл аппараттарында көптөгөн өзгврүүлөр байкалат: түтүкчө сыяктуу свөктөрдүн туурасынан кеткен диафизи чоңоюп, анын катмары жана аларга тарамыштар бириккен жерлери калыңдап сөөк бекемделет, скелет мускулатурасы өсүп, массасы чоңоюп , булчуңдардын күчү өсөт. Оор атлетиканын жүрөк, кан- тамыр системаларына эл кандай терс таасир тийгизбегендиги илимий негизде далилденген.

Жаракат алуу Оор атлетикада жокко эсе, орчундуу учурлар өтө чоңоордуктарды көтөргөндө, рационалдуу ыкма сакталбаганда гана болот.

Күн сайын аткарылуучу физикалык күч кан айлануудагы мүнөздүү өзгөрүүлөргө алып келет, алар салыштырмалуу кыймылсыздык учурунда, о. э. кыймылдоо мезгилинде байкалат. Кан айлануу аппараттарындагы жылыштар машыгуу мөөнөтү, машыгуунун ургалдуулугунан жана спорттун түрүнүн айырмачылыгы менен байланышкан.

Өспүрүмдөрдүн арасында чеберлилик менен тарбия иштерин жүргүзүүнүж жыйынтыгы, жаштарды келечекте активдүү эмгекке, коомдук жана спорттук иштерге ийгиликтүү даярдоодо оң таасирин тийгизет. Колдонулуучу негизги шаймандар: помост (тактайдан жасалган секиче) - калыңдыгы 8-12 см болгон жыгач жайма, өлчөмү 4x4 м, штанга-грифтен, ар кандай салмактагы дискалардан (0,125, 0,250 гр, 2,5, 5, 10, 15, 20, 25, 50 кг) жана 2 кулпудан турат.

Спортчунун кийими булгаарыдан тигилип, такасының бийиктиги 4 смге чейин болгон бышык атайын бут кийим жана жеңи жок трико, туурасы 10 см болгон бел курчоо, туурасы 5, узундугу 1 мден ашпаган бинттен турат.

Оор атлетика 1896-ж. Олимпиадалык оюндардын, 1898-ж. дүйнөлүк чемпионаттын программасына кирген. Эл аралык Оор атлетика федерациясы (ИФБ) 1920-ж. түзүлгөн. Алгалкы машыктыруучу Азаровскийдин аракети менен Кыргызстандын командасы 1934-ж. мелдештерге катышкан.

Кызыл-Кыялык Н.Михайлюк Кыргызстандын 1-рекордчусу, көп жолку чемпиону. 40-жылдары Шаршенов, Супиев, Турсунбаев, Саражанов, Ражановдор республиканын рекордун жаңыртышкан.

Республикада Оор атлетика боюнча алгачкы спорт чебери деген наамга ээ болгон Б.Шарипов, Ж.Каракчеев, Вл.Ли (2 жолу Европанын рекордчусу), К.Осмоналиев (СССР дин, Европанын, дүйнөнүн 4 жолку чемпиону, 1978-81), СССРдин чемпиону В.Кулешов, А.Мельхер, Ю. Соколов, Ю. Юлдашевдердин ысымдары кеңири белгилүү.

Кыргыз спортунун чеберлери А.Бадов (СССРдин чемпиону, 1989), С.Ли (Европанын уландар арасындагы 2 жолку дүйнө чемпиону), С.Дүйшеев, Ү.Майназаров, Э.Абдиев, М.Шариповдop эл аралык мелдештерде байгелүү орундарды ээледи.

1982-ж. түзүлгөн республикалык жаш уландар олимпиадалык резерв спорт мектеби жана анын Ош, Кара-Кол, Ала-Бука, Талас, Токтогулдагы филиалдары жаш спортчуларды тарбиялоодо. Кыргыз спортунун сыймыгы, КРнын эмгек сиңирген машыктыруучулары С.Иткин, Вл.Е.Ли, С.Садыков, Ө.Молдодосов, B. Е.Ли, Ж.Каракчеев, А.Джабраилов, А.Качалов, Ф.Давыдкин, И.Чжан, Д.Юлдашев Ү.Майназаров ж,б. кыргыз спортчуларынын эл аралык мелдештерде ийгиликтүү катышуусуна чоң салымдарын кошуп, жогорку класстагы спортчуларды даярдоодо. КР Оор атлетика федерациясынын учурдагы президенти спикер А.Келдибеков.

Тренажер системалары түзөтүү

Оор атлетика спортунун негизин оордуктарды (штанга, гиря) көтөрүү түзөт. Машыгууларда штанга, гирялар менен бирге гантелдер жана атайын тренажёрлордун системасы пайдаланылат. Оор атлетика менен машыгуу негизинен булчуң күчүн өнүктүрүп, күч кыймылдардын ылдамдыгын жана чыдамкайлыкты өстүрөт. Оор атлеттер өзгөчө байкалып, көрүнүп туруучу булчуңдардын өсүүсү менен айырмаланып турушат.

 
XVIII Жайкы Олимпиядалык оюндар

Кошумча көнүгүүлөр түзөтүү

Оор атлетика менен машыккан спортсмендер машыгууларында денени жалпы өнүктүрүүчү көнүгүүлөрдү (чуркоо, гимнастика жана башкалар) колдонушат.(ыкмага кобурок конул болуш керек) Оор атлетика менен тажрыйбалуу тренерлердин жетекчилигинде атайын программа боюнча ден соолугу чың өспүрүмдөр 15—16 жашынан баштап машыкса болот. Оор атлетикалык көнүгүүлөр булчуңдарга оордукту жана чыңалууну пайда кылгандыктан жүрөк-кан тамыр системасынын жана таяныч кыймыл аппаратынын ишине өзгөчө талап коюлат. Буга байланыштуу оор атлетика менен машыгууга врачтын уруксаты менен жиберилет. Машыгууларда врачтын көзөмөлү жана өзүн-өзү текшертип туруу зарыл.

Колдонулган адабият түзөтүү

  • Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы. «Ден - соолук» Медициналык энциклопедия. - Ф.:1991, ISBN 5-89750-008-8
  • Макешов Кабыл. Кыргыз Республикасы: Дене тарбия жана спорт энциклопедиясы. Экинчи бас. – Б.: Турар, 2015. – 448 б. ISBN 978-9967-15-445-2